Бишкекте Китеп күнүнө карата поэзия кечеси өттү

23-апрель - Китеп күнүнө карата бүгүн Улуттук китепкананын алдындагы Алыкул Осмоновдун эстелигинин жанында “Алыкулга таазим” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү. Бул иш-чарага белгилүү акындар Гүлсайра Момунова, Айшаке Курманова, ошондой эле маданиятка эмгеги сиңген ишмерлер Сейит Жетимишов, Бактыбек Максүтов, “Алыкул” фондунун төрагасы Кеңешбек Көкөев, обончу Жумабек Бакиров, “Жаңы толкун”, “Нур борбор”, “Кыздар, ай” адабий клубдарынын мүчөлөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Поэзия кечеси көркөм окуу, музыкалык программа менен коштолуп, Алыкул Осмоновдун айкелине гүл коюу менен улантылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан