Башкы прокуратура мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевди өткөрүп берүү боюнча Казакстандын прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, кат 22-апрель күнү Кишинёв конвенциясынын негизинде жөнөтүлгөн.
Апрель айынын башында Казакстандын Сарыагаш райондук соту Кыргыз Республикасынын мурдагы муфтийи Рахматулла Эгембердиевди убактылуу камакка алганын жарыялаган.
Басма сөз кызматынын маалыматында 38 жаштагы Р.Эгембердиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу) боюнча айыпталганы жазылган.
Айта кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында интернет булактарына "Рахматулла Эгембердиев - КМДБ башчысы" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин айткан. 2014-жылдын 7-январында Эгембердиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.