“Качып кеткен жоокерлер өзгөчө кайтаруудагы мекемени таштап кетип калышкан, аларга эмне үчүн кылмыш иши козголбойт?” деди депутат Исмаил Исаков бүгүн, 18-февралда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында. "Жоокерлерге кылмыш иши козголбойт" деп Аскердик прокуратура туура эмес чечим чыгарганын айткан депутат жоокерлерди сөзсүз түрдө жазалоо керектигин айтты. “Ички аскерлер бөлүгүндө 242 жоокер кызмат өтөйт, алардын 39у качып кетсе, бул алардын жалпы санынын 20 пайызын түзүп жатпайбы. Кылмыш курамы жок дегенди кандайча түшүнсө болот? Демек, прокуратура уставды билбейт ”,- деди эл өкүлү.