Ошто 2 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу мурдагы эл өкүлү Шарапат Мажитованын уулу. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде күч органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-апрель күнү саат 08:30 чамасында Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен жол четинде токтоп турган Дэу Матиз жана Хонда Фит унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен биринчи унаадан түшүп, балдар бакчасына багыт алган шаар тургуну жана анын 2 жаштагы баласы эки унаанын ортосунда кыпчылып калышкан. Ошол жерден 2013-жылы туулган Одилхан Рахматуллаев каза тапкан. Апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу жардам көрсөтпөй качып кеткен. Көп өтпөй ал жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалган.
Айта кетсек, бүгүн айрым маалымат каражаттары жол кырсыгына себепкер болгон жаран 36 жаштагы Кубаныч Исманов экенин жазып чыгышты. Ал мурдагы эл өкүлү Шарапат Мажитованын баласы.