Ырчы Минюра Рахимжанова Арменияда өткөн 7-Эл аралык сынакта жеңүүчү болду. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, фестиваль Армениянын Гюмри шаарында өтүп, ал армян элинин геноцидге учураганынын 100 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды.
“Фестивалга 36 өлкөнүн 2 миңден ашуун таланттуу аткаруучулары катышып, 14 номинация боюнча ат салышты. Катышуучулар абдан көп болгондуктан, сынак үч тур менен эмес, бир тур менен эле өттү. Башкача айтканда, биз бир чыкканда катары менен үч ырдан аткардык. Менин биринчи ырым англис тилинде, экинчиси эне тилибизде жана акыркы ырым армян тилинде болду. Токтогул Сатылгановдун “Санат ырын” жана “Менин Армениям” деген ырларды аткарганым калыстарга жакты окшойт. Фестивалдын жыйынтыгы менен “Эстрада-жаз” номинациясында 1-орунду алдым”,- деди Минюра Рахимжанова.