Кыргызстанда 2012-жылы ВИЧ жана СПИД дартынан 35 бала каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ВИЧтен 23 бала, СПИДден 12 бала көз жумган. Ал эми 2013-жылдын 1-январына карата 464 балада ВИЧ илдети бар экени белгилүү болгон. Алардын ичинен 130 балага оору апасы аркылуу жуккан.