Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушунун баасы 22 миллион 877 миң сомду түзүп, жарым жыл ичинде бүткөн. Бала бакчанын ачылышында өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов, Ысык-Көл районунун акими да катышты. Эске салсак, быйылкы жылы облус боюнча 6 бала бакча ачуу болжолдонууда.