Ахматбек Келдибеков: “Түркиядан 17 миллион доллар бөлүндү, бирок өлкөгө бир завод куруу тууралуу эч ким сөз кылган жок”

“Түркиядан 17 миллион доллар бөлүндү, бирок Кыргызстанга бир завод куруу тууралуу эч ким сөз кылган жок”. Мындай пикирди бүгүн, ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитет менен Эл аралык иштер боюнча комитеттин биргелешкен жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков билдирди. Айта кетсек, комитет жыйынында Түркиядан алынган насыянын эсебинен билим берүү мекемелерин куруу маселеси каралды. Анын айтымында, бул каражатты туура пайдалануу керек. “Кыргызстанда мектептер кыйрап калыптырбы? Жок дегенде колбаса чыгарган же бир эт заводун ачып койсок болот да?!  Маселен, Барак анклавында 100 түтүн жашап жатат. Ал көйгөйдү ким чечет? Бул жерге келип алып мектептерди талашып жатабыз”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан