Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт болгон.
Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үйдүн 120 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.