Ысык-Ата районундагы суу сактагычка түшүп кеткен 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 15:00 чамасында Сын-Таш айылындагы суу сактагычка 2005-жылы туулган Рыскелди Кыдышев түшүп кеткен. Аны туугандары, ата-энеси издеп, бирок таппай коюшкан. Мындан улам издөө иштерине куткаруучулар дагы тартылышып, баланын жансыз денесин табышкан.