Ырчы Арсендин “Тагдырың сага жазганда...” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты. Ырдын сөзү Кундуз Качкынбаева, ал эми обону Мирбек Атабековго таандык. Клипти Бишкек шаарында жана "Кой-Таш" эс алуу борборунда режиссёр Эрнист Сыдыков тарткан. Ал эми клиптин маңызы жөнүндө айта кетсек, ырчы өзү айдоочунун ролун аткарган. Анда ырчы айдоочулук кызмат көрсөтүп жүргөн сулуу кызга ашык болуп жүргөнү чагылдырылат.