Канжар Кадыралиев ооруканада болгондуктан камакка алына элек

Канжар Кадыралиев ооруканада болгондуктан камакка алына элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кадыралиев ооруканадан чыгары менен камакка алынат.

22-апрелде Жогорку Сот Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам ал Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алынышы керек эле.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту К.Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бирок 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, К.Кадыралиевге карата үй камагын тандаган. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылышкан.

Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
raxatka
2015-04-24 10:35:07
Кулуп гана тим болосун да!!! Сотторго соз жок, Канжар Кадыралиев бул чыныгы кыргыздын мырзасынын иши эмес! Уят уят уят!
+1
elli_88
2015-04-24 10:38:28
Ой тимеле ооруп калат элдин баарын келесоо ойлошотго ишенип калчудай болуп.
+1
zman53
2015-04-24 11:27:07
Мындан башка суроту жокпу?Темага туура келбейт го?
+1
sezimay
2015-04-24 12:20:25
бир нерсе болду касал, олумуш болуп алышат ушулар жинди деп ойлойбу адамдарды, эл билип бутту баарынарды. Барибир бир кун касал болот экенсинер иштебей эле койгула бюджетти беш манжанар менен жешти билесинер, жооп бергени келгенде эле койдон жоош оорукчансынар, бут дуйного тилемчи кылдынар Кыргызстанды
+1
nalsur
2015-04-25 17:54:37
sezimay, туура айтасын кандай чаара корсок болот биринчи ХХХ камаш керек соттун ишине ошол уятын намысын саткан адамдарды каматпай карапайым элди каматып жатат кудай деп суйлойт дагы окуп алып ыйлайсын колумдан эч нерсе келбегениме ушундай жаным кашайып отурам бир ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-04-27 12:36:31
nalsur - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
make2
2015-04-24 12:52:47
Карга карганын көзүн чукубайт, жөжөлөрдүн көзүн чукуйт.
+1
chalkan
2015-04-24 13:54:55
Ыргалып жүрсө депутат,
Ырысы элдин каякта?
Канжарлап жүрсө күч орган,
Канаты элдин каякта?
Капырай жүрсө бул бийлик,
Кабары элдин каякта?
+3
mush27
2015-04-24 14:01:00
chalkan,Азаматсын, ар-дайым чындыкты бетке айтасын!!!
+2
Aika96
2015-04-24 14:02:49
Бул жон гана сокур ичегисин алдырып операция болду элего,сокур ичегиден кийин коп болсо 3-4 саат жатып анан басып эле кетишетко буга операция болгонуна 1 ай болуп калдыго УЯТ милицияга карапайым байкуш болгондо эки бутунан судуроп келип камап салышмак.
+4
kaniet
2015-04-24 18:42:31
Туура эмес жазыпсынар теманы, ал ооруп эмес, Ыргал эжем депутат болгону учун камалбай калды
+1
Dadin2
2015-04-24 18:45:42
kaniet, ток этер жерин жаздында, маладес !!
+1
Aidar.001
2015-04-24 20:58:48
Эркек болгондон кийин эркекче эле бутуруп койбойсунбу иштерини!
+1
st1m_
2015-04-24 22:20:55
Кечээ эле арстан болуп журчу экенсин, бугун эмне мышык болуп калдын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан