Баткен облусунун тургуну 11
килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-апрель күнү Бишкекте 1963-жылы туулган Баткен облусунун тургуну кармалган. Анын баштыгын жана жашаган жерин текшерүү учурунда 11 килограмм 483 грамм маңзат табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.