Таластагы мектептердин биринде белгисиз адам токко урунуп каза тапты

21-апрелде таңга маал Талас шаарындагы №1-орто мектептин аймагындагы трансформатордун 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүшүнүн чөнөгүнөн белгисиз адамдын сөөгү табылган. Шаардык тармактын тиешелүү кызматкерлери электр жабдууну кароодо бөлүштүрүү түзүлүшүнүн ачык эшигин жана кулпунун жулунган илмегин табышкан. Окуя болгон жерге "Тез жардам" жана милиция кызматкерлери чакырылган. "Тез жардам" бригадасы белгисиз адамдын сөөгүн карап чыгып, анын өлүмүн каттады.

“Түндүк электр” ишканасынан SUPER.KG порталына кабарлашкандай, тилекке каршы, электр тармактарга өз алдынча кошулуу, трансформатордун ичине кирүү коопсуздук эрежелерин бардык жагынан бузгандыгын тастыктайт. Ал эми электр жабдууга, жогорку вольттогу зымдар менен түз иштөө эмес, жөн гана 2 метрден жакын баруу электр тогуна тартылуу коркунучун жаратат. Көбүнчө керектөөчүлөр дебитордук карызы үчүн Электр энергиясын сатуу кызматынын инспекторлорун эсептөө приборлоруна киргизбегендиги үчүн өчүрүлгөндө трансформаторлорлук чордонго кирип же электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнө чыгып электр берүүчү чубалгыларга өз алдынча кошулуу аракеттерин жасашат.    

“Түндүк электр” ишканасынын түстүү металлдарын жана жабдууларын уурдоодо көп кырсык катталат. Көбүнчө чубалгыларда оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда трансформаторлордун ичине кирүү менен уурулар системдик кулпуларды жараксыз кылып, трансформаторлордун жана бөлүштүрүү түзүлүшүнүн эшиктерин ачык ташташат. Муну менен алар башка адамдардын жашоосуна да коркунуч алып келишет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан