17-февраль күнү Нарын шаарынын Төш-Булак аймагындагы тоо-лыжа базасында быйылкы кышкы сезонунун ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Кыш мезгилинин акыркы айында жааган кар шаар тургундарына кышкы спорттук оюндарды уюштурууга шарт түздү. Тоо-лыжа базасынын ачылышында Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, шаар тургундарын спорттук оюндарга чакырып өттү. Бул күнү кышкы спортту сүйүүчүлөр үчүн чоң майрам болуп тоо-лыжасы, чана жарыштыруу, аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Нарын шаардык мэриясынын спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган бул оюндар шаардыктардын көңүлдүү эс алуусуна өбөлгө болду. Мындай оюн-зоок мелдештер апта сайын болуп турарын айтат мэрия.