Ысык-Көл районундагы мектепти куруу учурунда мамлекетке 584 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Ысык-Көл районундагы мектепти куруу учурунда мамлекетке 584 миң сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Кум-Бел айыл аймагындагы мектепти куруу иштери башталган. Ал үчүн мамлекеттен 3,3 миллион сом которулган, бирок текшерүү учурунда аткарылган жумуштардын жана курулуш материалдарынын баасы жогорулатылганы аныкталган. Мындан улам мамлекетке 584 миң сом зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан