Ошто залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата жаштар арасында сынак өткөрүлдү. Мэриядан кабарлашкандай, ага шаардагы жогорку жайлардын таланттуу студенттери, мектеп окуучулары катышышты. Анда акындын ырлары көркөм айтылып, обондуу ырлары обого жаңырды. Жыйынтыгында Ош облустук жазуучулар союзунун башчысы Турабай Жороев, белгилүү акын-жазуучулар Зинакан Пасанова жана Маматибраим Жаныбековдон турган калыстар тобу жыйынтык чыгарып, байге ээлерин аныктап беришти.