Ысык-Көл. 2012-жылы мыйзамсыз аңчылык кылган 12 мергенчи кармалган

Ысык-Көл облусу боюнча 1650 мергенчи болсо, жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылыкка чыккан 12 мергенчи колго түшкөн. Бул тууралуу өкмөткө караштуу аңчылык департаментинин Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Рысбек Абдраимов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз мергенчилик кылгандар Жети-Өгүз районунда көп катталат. 2013-жыл башталгандан бери 1 кулжа, 2 кекилик, 2 коён, 7 тоо теке мыйзамсыз атылганы белгилүү болгон. Кошумчалай кетсек, кармалган адамдарга карата айып пул салынып, андан түшкөн каражат республикалык жаратылышты коргоо фондуна которулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан