Караколдо бала бакча жетекчиси 4000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти
Маалыматка караганда, Каракол шаарындагы №2-бала бакчанын директору М.К. шаар тургуну Т.Адан 4000 сом талап кылган. Бул үчүн ал кызын бала бакчага аларын айткан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.