Бишкекте алдамчылыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 29 жаштагы Д.Б. кайрылган. Анда ал чала тааныш бала ишеничине кирүү менен 1300 доллар алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Т.Р. кармалган.