Бүгүн, 24-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 2 жаштан 16 жашка чейинки курактагы Борбор Азиядагы Европа мектебинде билим алган балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда жүзгө жакын сүрөттөр жана пластилин, жиптен жасалган сувенирлер коюлган. Жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш-чара КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи жана Борбор Азиядагы Европа мектеби тарабынан уюштурулуп келет. Көргөзмө көрүүчүлөргө 26-апрелге чейин тартууланат.