И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Эл аралык “Нур борбор” чыгармачылык академиясынын уюштуруусу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Эл акыны, драматург Эгемберди Эрматовдун чыгармачылык кечеси өттү. Муну тил комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, улуу муун менен жаштардын ортосунда жандуу маек болуп, акындын чыгармачылыгы, ырлары, жалпы эле поэзия боюнча кызыктуу суроо узаткандар белекке китеп алышты.
Акындын алгачкы
ыр китеби 1979-жылы «Ак дил» деген ат менен «Мектеп» басмасынан жарык көргөн.