Германиянын Берлин шаарындагы Гумбольдт атындагы университеттин имаратында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чарага Гумбольдт университетинин окутуучулары менен студенттери, кыргыз диаспорасынын, Берлиндеги дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, Германиянын министрликтери менен ведомстволорунун кызматкерлери жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты. Кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин Германияда иш сапары менен жүргөн депутаттары катышканын 24-апрелде Жогорку Кеңештен билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев кечеде куттуктоо сөзүн сүйлөп, кыргыз мамлекетинин тарыхындагы жана кыргыз маданиятын чет өлкөлөргө, анын ичинде Германияга жайылтуудагы Ч.Айтматовдун ордун баса белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өз баяндамасында Ч.Айтматовдун кыргыз-герман маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугуна токтолду. Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу Германиянын тургундары кыргыз элинин маданияты жана турмушу менен тааныша алышты. Меймандар кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы боюнча пикир алмашып, элчилик тарабынан уюштурулган Ч.Айтматов жөнүндө фотокөргөзмө менен таанышышты.