“Альфа” атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн кызматкери Талантбек Мамбетов 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдү көздөй "Илбирс" имаратынын үстүнөн ок чыгарылганын айтты. Ал бул сөздү бүгүн, 18-февралда Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот отурумунда билдирди. Мамбетовдун айтымында, 7-апрель күнү атайын даярдыктагы аскерлерге "эч качан ок чыгарбагыла” деген буйрук болгон. “Мен Ак үйдүн 6-кабатынан терезеге келип, БТРди көрдүм. Андан баш аламан ок чыгып жаткан, бирок айланасында адамдар жок болчу. Мен БТРдин дөңгөлөктөрүнө 10 ирет ок чыгардым, аскердик унаа токтоп калды” деди ал. Бишкектеги “Форум” ишканасындагы тынчтык митингин өткөрүп жаткан элге каршы ок аткан деп айыпталып жаткан Мамбетов ал жакта таптакыр болбогонун кошумчалады.