
* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы этноэстрадалык “Чоро” тобунун башкы солисти
Нурболот Теңизбек Нарын облусундагы Учкун айылында туулган.
Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырган. Чоң сахнага алгачкы жолу 8-классында, андан кийин 2011-жылы "Супер стар" долбоорунда чыккан. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүп жаткан кезинде "Чоро" тобу түзүлүп, Нурболот Теңизбек ал топко солист болуп кирген. Топ түзүлгөн жылы эле "Фрунзе лайф" аттуу ретро сынакты жеңип, бир жылдан кийин "Супер-Инфо" гезитинин "2012-жылдын супер тобу" деген наамын алган. Ал эми 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарында “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагы өтүп, "Чоро" тобу 24 мамлекеттин ичинен 7-орунду багындырып кайткан.

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы кытайлык актёр
Жет Ли Пекин шаарында туулган.
Жет Лиге 1982-жылы киного тартылуу сунушу келип түшкөн. Буга макул болгон Ли "Шаолинь чиркөөсү" аттуу сериалда башкы каармандын ролун жогорку деңгээлде аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадамын таштаган. Ушул кинодон кийин Жет Ли Кытайдагы эң атактуу актёр катары таанымал болгон. Роль жаратуудагы эң тез кыймылдары үчүн актёр Жет деген атка конгон. "Жет" – бизче "тез, ылдам" дегенди түшүндүрөт.
Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө жыйырма бештен ашык кинотасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы актёрдун катышуусунда англис тилиндеги "Өлүм куралы-4" деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле Американын белгилүү режиссёрлорунан жаңы фильмдерге тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында "Ромео өлүшү керек", "Ажыдаардын өпкөнү", "Бешиктен чыгып мүрзөгө" деген сыяктуу белгилүү кинолор пайда болгон.

* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы Ташкент шаарында орун алган жер титирөөнүн күчү 8 баллга жеткен. Жер титирөө таңкы саат 5тен 23 мүнөт өткөндө болуп, эски шаар жабыр тартып, нечендеген үйлөр кыйраган. Жапа чеккен адамдардын саны 50дөн ашкан эмес. Бирок 78 миңдей адам үстүндө үйү жок калган. Ташкент шаарын калыбына келтирүү чарасы союздук программага киргизилип, турак жайларды куруу ишине кыргыз өлкөсүнөн да жумушчулар тартылган. Анын натыйжасында Ташкентте Кыргызстан кичи району курулган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы маалымат жыйынында Казакстан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри
Серик Абденовду аталган өлкөдөгү “Казакстан коммунисттери” кыймылынын лидери Андрей Цуканов жумуртка менен уруп жиберген. Окуядан көп өтпөй Цуканов Казакстандагы мусулмандар биримдиги тарабынан “Жылдын адамы” деп аталган. Мындан сырткары аталган биримдик Цукановдун ысымын Алматыдагы акимиаттардын бирине берүү жана шаардагы Фурманов атындагы көчөнү Андрей Цукановдун ысымына өзгөртүүнү сунуштаган. Муну менен катар "Цуканов Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри болсун" деген талап жазылган кат өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Цуканов министрди жумуртка менен уруп жатып "Алматыдан салам! Өлкөнү шылдың кылбагыла!" деп кыйкырган.