Бишкекте “Тамеки” аттуу рейд жүрүп, анда 30 өспүрүм кармалды жана ата-энелерине маалымат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул рейд шаардыктардын ден соолугуна зыян келтирчү тамеки түтүндөрүн азайтуу, коомдук жайларда мыйзам бузгандар менен күрөшүү максатында уюштурулган. “Иш-чаранын алкагында шаардагы ондогон кафе-барлар, интернет клубдар, соода борборлору жана дүкөндөр текшерилип, 27 жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды” дейт мэрия.