Орусияда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кыргыз акындарынын согуш темасындагы ырлары гезитке басылып чыкты

Москвада Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кыргыз акындарынын ырлары гезитке басылып чыгарылды. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, “Адабий гезит” деп аталган басылмага орус тилине которулган Алыкул Осмоновдун “Эне күчү”, Мукай Элебаевдин “Ала-Тоого кат”, Жоомарт Бөкөнбаевдин “Фронттон сүйүктүүмө кат”, Сүйүнбай Эралиевдин “Фронттук жамгыр”, Райкан Шүкүрбековдун “Жоокердин өбүүсү”, Темиркул Үмөталиевдин “Ардагердин эскерүүсү”, Жусуп Турусбековдун “Ыр жана ок”, Түмөнбай Байзаковдун “Тоодогу чагылган”, Сооронбай Жусуевдин “Ала-Арчада 9-Май” деген согуш темасындагы ырлары чыккан.

Кыргыз акындарынын ырлары белгилүү орусиялык акын-котормочу Николай Чуковский, Вячеслав Шаповалов, Михаил Синельников, Марк Ватагин, Аделина Адалис, Александр Семёнов тарабынан которулган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан