Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучулары Умид Тешебаев жана Мирлан Мамазаировдун облустук көркөм сүрөт музейинде “Жаз палитрасы” аттуу сүрөт көргөзмөсү болду.
Окуу жайдан кабарлашкандай, көргөзмөгө окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, мэриянын өкүлдөрү, белгилүү искусство адамдары катышышты. Анда сүрөтчүлөрдүн бардык эмгектери келген коноктордун назарына коюлду. Сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы бааланып, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлыктар, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.