26-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +18°C
Талас облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +17°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +21°C, түнкүсүн +19°C
Баткен облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +18°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +22°C, түнкүсүн +13°C
Нарын облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +9°C
Бишкек шаары. Күндүз +31°C, түнкүсүн +17°C