Бүгүн, 18-февралда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен жолугушту. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушуу учурунда түндүк менен түштүктү бириктирүүчү кошумча жолдун курулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. “5 жылдын ичинде Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген экинчи жолду куруп бүтүшүбүз керек”,- деди президент. Бул жол Жалал-Абад - Балыкчы багытында курулмакчы. Министр учурда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун курулушу бүтүп калганын, андан соң 2-стратегиялык маанилүү жолду куруу иштери башталарын айтты. Маалымат берип жатып министр аталган жолдун узундугу болжол менен 450 чакырым болорун жана жолду куруу 3 этаптан турарын кошумчалады.
Сүрөттө:
1. Президент Алмазбек Атамбаев министр менен кошумча унаа жолун куруу планын талкуулоодо.
2. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган кошумча жолдун болжолдуу көрүнүшү.