Бүгүн, 25-апрелде Непал өлкөсүндө 1914-жылдан бери мынчалык катуу болбогон жер титирөө катталып, 700дөн ашык адам көз жумду. Алардын 181и мамлекеттин борбору болгон Катманду шаарынын жашоочулары. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Катманду шаарында 19-кылымда курулган мунара кулады. Ал эми Гималай тоолорунан адам өмүрүн алган кар көчкүлөр түштү. Жер титирөөнүн күчү 7,8 баллга жетип, очогу Похари, өлкөнүн экинчи чоң шаарынын чыгыш жагынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык Индия жана Кытай өлкөлөрүндө да байкалып, жалпысынан 40 адамдын өмүрүн алып кетти.