Бишкекте хитке айланган "Улуу көч" чыгармасынын аткаруучусу Асылбек Насирдиновдун концерти өттү

25-апрелде Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда музыкант Асылбек Насирдиновдун "Улуу көч" аталышындагы концерти өттү. Кечеде А.Насирдинов өзүнүн элге сиңген чыгармаларын улуттук аспаптарда аткарды.
Сахнага музыкасы Насирдиновго таандык композициялар менен чыккан ырчылар жана музыканттар Асылбек мырзаны куттукташып, ага ийгиликтерди каалашты. Концертте бийчилердин коштоосунда ырлар жана ар кандай улуттук музыкалык аспаптарда ойнолгон чыгармалар көрүүчүлөр үчүн жакшы таасир калтырды.
Концерттин жүрүшүндө сахнага куттуктоо сөздөрү менен маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтов, коомдук ишмер Роза Айтматова, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, профессор Оморбай Нарбеков чыгышты
А.Максүтов Асылбек Насирдиновдун улуттук маданиятка салымы зор экенин айтып, аны аданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
chyngyz1992
2015-04-26 08:32:19
Кечирнсиз Супер инфо мен кичине темадан алысырак суроо бермекчимин жардам берип койсонуздар жакшы болот эле. Мен мурдакы жазган коментарийлеримди кантип жана кайдан издеп тапсам болот? Рахмат алдынала
0
Akmosha
2015-04-26 13:37:56
Ошондо Асылбек Насирдинов 2-суроттогу кишиби.Ошол киши болсо куудулдук дагы жайы бар го.Чыгармачылыгына ийгилик каалайбыз.
0
sirgak_92
2015-04-26 18:18:19
Akmosha, ал эмес
0
sirgak_92
2015-04-26 18:16:06
Akmosha жок ал Адилет деген комузчу куудул породистых кишки Алтынбек деген ылдыйкы суроттогулор
0
aika1405
2015-04-26 18:56:25
sirgak_92, ооба,ооба породистый киши экен,тамаша.
0
sirgak_92
2015-04-26 18:16:52
Ой кечиресиз породист
0
MK2015
2015-04-26 19:07:21
Асылбек Насирдинов байкеге чыгармачылык ийгилик,ден-соолук каалайм.Мындай концерттеринен коп откоруп элге тартуулап журо берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан