27-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү,
тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас, Ош,
Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап,
күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын
ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин
жетет.
Чүй облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +10°C
Талас облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +21°C, түнкүсүн +11°C
Баткен облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +9°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +9°C
Нарын облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +7°C
Бишкек шаары. Күндүз +19°C, түнкүсүн +10°C