Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Назира Токонованын “Сага” аттуу биринчи жеке шоу-концерти өтүп жатат. Кечени ырчы жана DJ Чыңгыз Мырзаев алып барууда. Назира Токонованын мугалими, Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов куттуктоо сөздөрүн айтып, сахналаштары Алтынай Нарбаева, Султан Садыралиев, Добр, Чыңгыз Турдубеков, Нурлан Насип, акындар Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев жана Назира Токонованын шакирти, ырчы Байбото келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашууда. Кеченин ээси Назира Токонова Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда өзүнүн чыгармаларын аткарса, ал эми “Миң кыял” жана “Алтын” бий топтору шоу-концертке көрк берип жатышат.