26-апрелде Бишкекте ырчы Назира Токонованын “Сага” аттуу алгачкы жеке шоу-концерти өттү. Алып баруучулук милдетти Чыңгыз Мырзаев аркалады. Назира Токонованын устаты, Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов, опера ырчысы Анарбек Ибраев жана Улуттук филармониянын жалпы жамааты куттуктоо сөздөрүн айтып, сахналаштары КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси Султан Садыралиев, рэп ырчысы Добр, ырчы Чыңгыз Турдубеков, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев жана Назира Токонованын шакирти, ырчы Байбото келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Ал эми кече ээси Назира Токонова Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда өзүнүн чыгармаларын аткарып, жандуу үн менен дастан айтты. Шоу-концерттин көркүн “Миң кыял” жана “Алтын” бийчилер топтору ачышты.
Концерттин жүрүшүндө Назира Токонова ата-энесине ыраазычылыгын билдирип, апасына роза гүлдөрүн, атасына ак чепкен, ак калпак кийгизди.