Непалдагы жер титирөөдөн улам каза тапкандардын саны 2 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын саны миллиондон ашкан. Бирок бул сандар мындан да көп болушу мүмкүн. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө.
Зилзаланын күчү Индия жана Кытай өлкөлөрүндө да байкалып, ал жакта 60ка жакын адамдын өмүрүн алган.
Айта кетсек, 25-апрель күнү Непалда күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын очогу Катманду шаарынан түндүк-батышты карай 82 чакырым алыстыкта жайгашкан.