Баткен облусунда болгон катуу шамал 134 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ошондой эле шамал 26 чарбалык курулуштун жана 3 социалдык объектинин чатырын учуруп кеткен. Учурда келтирилген чыгым эсептелүүдө.
Айта кетсек, 25-апрелден 26-апрелге караган түнү Баткен облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге жеткен катуу шамал катталган.