Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, зилзаланын очогу Мырзаке айылынан түндүк-батышты карай 5 чакырым жана Өзгөн шаарынан 10 чакырым батышты карай жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.