Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, жүргүнчүлөр жабыркашты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 26-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 266-267-чакырымында Тойота Витязь жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаа Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, биринчи унаанын жүргүнчүлөрүн ооруканага жеткиришкен.