Кара-Буура районунда болгон катуу шамал 5 турак үйдүн чатырын учуруп кетти

Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон катуу шамал 5 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бейшеке айылында 1, Чоң-Кара-Буура айылында 1, Аманбаев айылында 1, Бакайыр айылында 2 турак үйдүн чатырын шамал учурган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, катуу шамал 26-апрель күнү саат 04:00 чамасында болгон. Анын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан