Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 26-апрель түнү Анкара көчөсүндө болгон. Анда Хонда Фит унаасы менен Лексус үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу ошол жерден каза тапкан. Ошондой эле экинчи унаанын 4 жүргүнчүсү жабыркаган.