Жалал-Абад облусунда мас айдоочунун айынан 1 адам каза таап, 21 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 25-апрель күнү саат 17:00 чамасында Бай-Мундуз айылында болгон. Анда мас айдоочу Фольксваген Пассат унаасы менен эки жөө адамды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 26 жаштагы Элиза ошол жерден каза тапса, 21 жаштагы Тахмина ооруканага жеткирилген.