17-февралда саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын Ден Сяопин көчөсүндө жол кырсыгы болуп, 2 адам каза тапса, 12 адам ар түрдүү жаракат алышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирет. Белгилүү болгондой, Сокулук районунун тургуну БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобусту сүзүп, андан соң Ауди-100 үлгүсүндөү унаа менен сүзүшкөн. БМВ унаасынын айдоочусу 27 жаштагы Б.А. менен унаанын жүргүнчүсү Э.А. кырсык болгон жерде каза болуп, 12 адам ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.