Мындан 4 күн мурун Индиянын анча чоң эмес Думри-Исри деген шаарында 4 колдуу жана 4 буттуу наристе төрөлдү. Наристени көрүүгө ашыккан миңдеген жергиликтүү эл аны
индустардын Ганеша кудайына түспөлдөш кабыл алып, сыйынууда. Азырынча балага ысым бериле электиги айтылды. Бул тууралуу 27-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Айта кетсек, 2014-жылы да Индиянын кыштактарынын биринде 4 колдуу жана 4 буттуу ымыркай төрөлгөн. Жергиликтүүлөр аны Брахма кудайы катарында жарыялашып, миңдеген адамдар сыйынышкан. Айрымдары "бул акыр замандын келатканын кабарлайт" деп кабатырланышкан.