Бишкек шаарында 16-февраль күнү асынып өлгөн жоокердин өздүгү такталды. Бишкек ШИИБинин берген маалыматына ылайык, ал - 1993-жылы туулган Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургуну Эркинбек уулу Эрлан экени белгилүү болду. “Учурда өлүмдүн себеби аныкталып жатат, анын жанынан өлүмү үчүн эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнгөн жана кечирим сураган кат табылды” деп билдирет Бишкек ШИИБи.