Баткен облусунда катуу шамалдан улам турак жайлары жабыркагандарга шифер жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 600 даана жана Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 84 даана шифер оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Айта кетсек, 25-апрелден 26-апрелге караган түнү Баткен облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен шамал 134 турак үйдүн 1903 даана шиферин учуруп кеткен.