Кыргызстанда малды күйдүргү, чечек, шарп ооруларына каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирет. Маалыматка ылайык, мамлекеттик ветеринария кызматы январь айында 16,8 миң бодо мал, 57,5 миң майда жандык, 4,6 миң жылкыны эмдөөдөн өткөргөн. Мындан сырткары чечек илдетине каршы 190,6 миң кой, шарпка каршы 22,3 миң бодо мал эмделгенин билдирет аталган инспекция.