Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы “Сейтек” балдар борборунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Эч ким унутулбайт. Эч нерсе эстен кетпейт!” деген аталышта салтанаттуу концерт өттү. Иш-чара шаардык мектептердин алдынкы окуучулары тарабынан даярдалып, анын жүрүшүндө согуш ырлары жана 1941-1945-жылдардагы кандуу майданды чагылдырган театрлаштырылган бийлер аткарылды. Муну менен катар активисттер “Түбөлүк полк” (“Бессмертный полк”) акциясынын алкагында ардагерлерге арнап ар бир райондун атынан бирден слайд-шоу тартуулашты.
Салтанаттуу кечеге Бишкек шаардык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, шаардык кеңештин депутаттары, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана окуучулар катышты.