Кыргыз жана казак жаш бийчилеринен түзүлгөн “Адем” бийчилер тобу “Украина - менин таланттарым-7” шоусунун финалына өттү. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты. “Өзүмдүн шакирттерим менен абдан сыймыктанам. Балдар кыргыз жергеси жана Казакстандын атынан татыктуу чыгышууда” деп жазылат маалыматта.
25-апрель күнү украиналык телеканалдардын биринде түз эфирде көрсөтүлгөн долбоор алкагында 4 бийчиден турган топ бий сүйүүчүлөрүнүн добушу менен финалга чыкты.
Белгилүү болгондой, Атай Өмүрзаков “Адем” бийчилер тобун түзүп, аларга болгон тажрыйбасын үйрөтүп, коштоп келет. Атай буга чейин өзү дагы аталган долбоордун финалына чыккан.