Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун Ленин орденин жасалма орденге алмаштырып жаткан жеринен тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 25-апрелде аталган райондун Ача-Кайыңды айылында болгон. Анда журналистмин деген адам согуш ардагери жөнүндө жазарын айтып, ардагердин ордендери менен таанышууну чечкен. Ошол учурда ал Ленин орденин жасалма орденге алмаштырып калууга жетишкен. Муну байкап калган ардагердин баласы тиги адамды кармап, милицияга кабарлаган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Тажикстандын жараны экени жана буга чейин да бир канча Ленин орденин алмаштырганы аныкталган.